# 46-берене. Зыяндын ордун толтуруунун эсебине алынган суммаларды кайра өндүрүп алууну чектөө

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 46-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-46

---

1. Жабырлануучуларга зыяндын ордун толтуруу эсебине же жабырлануучу каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдар тарабынан алынган суммалар, эгерде аларды төлөө жөнүндө чечим кызыкдар адамдар тарабынан берилген жасалма документтердин же билип туруп берилген жалган маалыматтардын негизинде кабыл алынган шартта, ошондой эле эсептөөдөн ката кеткен же болбосо зыяндын ордун толтурууга суммалардын өлчөмүн аныктоого таасир этүүчү маалыматтар жашырылган учурда иш берүүчү тарабынан кайра өндүрүп алынышы мүмкүн.

2. Зыяндын ордун толтурууга туура эмес алынган суммаларды кайра өндүрүп алуу иш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген кепилдиктерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.

3. Зыяндын ордун толтурууга суммаларды төлөө токтотулган учурда калган карыз сот тартибинде өндүрүлөт.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-47)
