# 43-берене. Карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде болгон убакта зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө эрежелери

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 43-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-43

---

1. Зыяндын ордун толтуруу дайындалган адам карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеге (пансионатка, аймактык борборго) жайгаштырылган учурда, зыяндын ордун толтуруу суммасы (эмгекке жарамсыз багуудагы адамдарга эсептелген суммаларды кошпогондо) иш берүүчү тарабынан социалдык стационардык мекеменин (пансионаттын, аймактык борбордун) эсептешүү эсебине которулат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын багуусундагы эмгекке жарамсыз адамдарга зыяндын ордун толтуруу иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй тартипте: багуусундагы эмгекке жарамсыз бир адамга - зыяндын ордун толтуруунун дайындалган суммасынын төрттөн бири, эки адамга - үчтөн бири, үч жана андан көп адамга - жарымы төлөнөт. Зыяндын ордун толтуруу суммасынын калган бөлүгү социалдык стационардык мекеменин (пансионаттын, аймактык борбордун) эсептешүү эсебине которулат.

3. Зыяндын ордун толтуруу дайындалган адамга которулган сумма менен жатак-үйдө (пансионатта, аймактык борбордо) багуу наркынын ортосундагы айырма социалдык стационардык мекеменин (пансионаттын, аймактык борбордун) администрациясы тарабынан төлөнөт, бирок ал зыяндын ордун толтуруунун белгиленген суммасынын 25 пайызынан кем болбоого тийиш.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-44)
