# 40-берене. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаш-тартышты сотко өткөрүү. Талаш-тартышты сотто кароо тартиби

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 40-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-40

---

1. Кызыкдар адам иш берүүчүнүн чечимине, эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине макул болбосо, ошондой эле белгиленген мөөнөттө жооп албаса талаш-тартыш сот тарабынан каралат.

2. Кесиптик бирлик же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы кызыкдар адамдардын макулдугу менен сотко арыз менен кайрылууга жана процесске катышууга укуктуу.

3. Арыз ээсинин ыктыяры боюнча же болбосо иш берүүчү турган жердеги, же болбосо өзү жашаган жердеги, же болбосо зыян келтирилген жердеги сотко зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арыз берилет.

4. Кызматкерлерге эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу мертинүү менен келтирилген же болбосо жабырлануучунун каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талапка доонун эскирүүсү колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-41)
