# 39-берене. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө ишти сотко чейин кароо

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 39-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-39

---

1. Жабырлануучулар жана жабырлануучу каза болгон учурда зыяндын ордун толтурууга укуктуу адамдар иш берүүчүнүн зыяндын ордун толтурууга байланышкан маселелер боюнча чечимине эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же кесиптик бирликке даттанууга укуктуу.

2. Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кесиптик бирликтин техникалык эмгек инспекциясынын зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө жөнүндө чечими иш берүүчү үчүн милдеттүү болуп саналат.

3. Иш берүүчү мындай чечимге макул болбогон учурда ал тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. Иш берүүчүнүн эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул эместиги зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөбөй коюуга негиз болбойт.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-40)
