# 38-берене. Жабырлануучунун иш берүүчү менен сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 38-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-38

---

1. Жабырлануучунун же башка кызыкдар адамдардын өтүнүчү боюнча кесиптик бирлик же уюмдун кызматкерлеринин башка өкүлчүлүктүү органы жабырлануучу тараптан иш берүүчү менен сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн өзүнүн өкүлүн бөлүп берет.

2. Жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында өкүлдүн катышуусу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) эмгектик мертинүүгө, кесиптик оорусуна же болбосо ишке байланыштуу ден соолугунун башка жабыркашына байланыштуу кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин, мөөнөттөрүн жана өлчөмдөрүн макулдашууда;

2) өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ооруларды териштирүү процессинде жаралуучу пикир келишпестиктерди жөнгө салууда;

3) эмгектик мертинүү кесепеттерине, кесиптик ооруга же ден соолугунун башка жабыркашына байланыштуу башка иш берүү, башка кызмат ордуна которуу же болбосо эмгек шарттары маселелерин кароодо;

4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган жана жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган башка учурларда.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-39)
