# 34-берене. Жаңы кесипке (адистикке) окуу мезгили үчүн зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 34-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-34

---

1. Иш берүүчү жабырлануучунун макулдугу менен, эгерде ал эмгектик мертинүүнүн кесепетинен улам мурдагы жумушун аткара албаса, дарылоо-алдын алуу мекемесинин же медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусуна ылайык аны жаңы кесипке (адистикке) өзүнүн эсебинен окутууну камсыз кылууга милдеттүү.

2. Жаңы кесипти (адистикти) окуп жаткан мезгил үчүн жабырлануучуга мурдагы жумушу боюнча орточо айлык эмгек акы төлөнөт. Бул мезгилде зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-35)
