# 30-берене. Эмгектик мертинүү кайталанган учурда зыянды ордун толтуруу өлчөмү

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 30-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-30

---

1. Эмгектик мертинүүлөр кайталанган учурда жабырлануучунун каалоосу боюнча орточо айлык эмгек акы эмгектик мертинүү биринчи жолу болгон же кайталанганга чейинки тиешелүү мезгилдер үчүн эсептелет.

2. Эгерде эмгектик мертинүүлөр бир иш берүүчүдө иштеген мезгилде келтирилсе, зыяндын ордун толтуруу өлчөмү биринчи жана кайталанган мертинүүнүн жыйындысы боюнча эмгекке жарамдуулукту жоготуунун жалпы пайызы боюнча эсептелет.

3. Эгерде эмгектик мертинүүлөр ар башка иш берүүчүлөрдө келтирилсе, зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо ар бир иш берүүчү тарабынан өзүнчө, тиешелүү эмгектик мертинүү боюнча кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу пайызына жараша жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-31)
