# 29-берене. Жабырлануучунун эмгекке жарамдуулугуна экспертиза жүргүзүү

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 29-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-29

---

1. Эмгектик мертинүүнүн кесепетинен кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасы, майыптык тобу медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан жабырлануучуну күбөлөндүрүүнүн натыйжалары боюнча аныкталат.

2. Эмгектик мертинүүнүн кесепетинен кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын белгилөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Медициналык-социалдык эксперттик комиссияда күбөлөндүрүү иш берүүчүнүн, эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, дарылоо-алдын алуу мекемесинин же соттун же болбосо жабырлануучунун же анын өкүлүнүн кайрылуусу боюнча өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсык (кесиптик оору) жөнүндө актыны же эмгек милдеттерин аткарууга байланышкан күтүлбөгөн кырсык жөнүндө башка документти бергенде жүргүзүлөт.

4. Жабырлануучуну мөөнөтүнөн мурда кайра күбөлөндүрүү анын арызы же болбосо иш берүүчүнүн кайрылуусу боюнча жүргүзүлөт.

5. Жабырлануучу же башка кызыкдар жактар медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын чечимине макул болбогон учурда, ага медициналык-социалдык эксперттик комиссияга карата жогору турган органга же сотко даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-30)
