# 28-берене. Аралаш жоопкерчилик

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 28-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-28

---

1. Эгерде эмгектик мертинүү иш берүүчүнүн гана күнөөсү боюнча эмес, жабырлануучунун да одоно этиятсыздыгынан улам келип чыкканда аралаш жоопкерчилик колдонулат. Мындай учурда зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү жабырлануучунун күнөөсүнүн даражасына жараша азайтылат. Жабырлануучунун күнөөсүнүн даражасы комиссия тарабынан пайыз менен аныкталат.

2. Жабырлануучу одоно этиятсыздык кылганда жана иш берүүчүнүн күнөөсү жок болгон учурда, анын жоопкерчилиги күнөөгө карабастан келип чыкканда, зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү да ага жараша азайтылат. Мында зыяндын ордун толтуруудан толук баш тартууга жол берилбейт.

3. Жабырлануучу одоно этиятсыздык кылганда анын күнөөсүнүн даражасын аныктоо жөнүндө өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыкты териштирүү боюнча комиссиянын чечими эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, кесиптик бирликтердин эмгектин техникалык инспекциясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

4. Аралаш жоопкерчилик башка жумушка убактылуу которууда, кошумча чыгымдардын, сөөк коюуга кеткен чыгымдардын ордун толтурууда, ошондой эле багуучусунун өлгөндүгүнө байланыштуу жоготулган эмгек акынын ордун толтурууда колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-29)
