# 24-берене. Кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (коомдук) инспекторлорунун укуктары

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 24-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-24

---

1. Кесиптик бирликтердин эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (коомдук) инспекторлору уюмдарда эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын тоскоолдуксуз текшерүүгө жана кызмат адамдары тарабынан кароо үчүн милдеттүү болгон эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аныкталган бузууларын четтетүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

2. Иш берүүчү өз эсебинен окууну уюштурат жана эмгекти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (коомдук) инспекторду жамааттык келишимде (макулдашууда) каралган мөөнөткө орточо эмгек акысын сактоо менен иштен бошотот.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-25)
