# 21-берене. Өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ооруларды иликтөө жана эсепке алуу

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 21-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-21

---

1. Иш берүүчү өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ооруларды иликтөөнү, эсепке алууну жана талдоону, анын ичинде аталган учурларды иликтөө боюнча комиссияны түзүү тартибин, курамын, ыйгарым укуктарын жана ишин Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Иликтөө жабырлануучу мүчөсү болуп саналган кесиптик бирлик уюмунун өкүлүнүн катышуусу менен, ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган учурларда, эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн да катышуусу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-22)
