# 20-берене. Кызматкердин эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү милдеттери

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 20-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-20

---

Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) анын жумуш ордуна тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылардын, эмгекти коргоо боюнча нускамалардын жана жумуштарды коопсуз жүргүзүү эрежелеринин талаптарын билүүгө жана сактоого;

2) белгиленген тартипте эмгекти коргоо маселелери боюнча окуудан, үйрөтүүдөн жана билимдерин текшерүүдөн, анын ичинде электрондук форматта өтүүгө;

3) атайын кийимдерди, атайын бут кийимдерди жана жекече жана жамааттык коргонуунун башка каражаттарын туура пайдаланууга;

4) белгиленген тартипте алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароолордон өтүүгө;

5) эмгектин сергек жана коопсуз шарттарын камсыз кылуу максатында иш берүүчү менен кызматташууга, өзүнүн же анын айланасындагы адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жараткан кандай болбосун кырдаал жөнүндө өзүнүн түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө;

6) өзүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учурлар жөнүндө иш берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-21)
