# 17-берене. Эмгекти коргоо боюнча комиссия (комитет)

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 17-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-17

---

1. Өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды жана кесиптик ооруга чалдыгууларды иликтөө жана эсепке алуу максатында уюмда курамына иш берүүчүнүн, кесиптик бирликтердин жана/же башка өкүлчүлүктүү органдардын өкүлдөрү паритеттик негизде кирген эмгекти коргоо боюнча комиссия (комитет) түзүлөт.

2. Эмгекти коргоо боюнча комиссия (комитет) жөнүндө жобо кесиптик бирликтердин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү органы менен биргеликте эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

3. Эмгекти коргоо боюнча комиссиянын (комитеттин) чечимдери иш берүүчү жана кызматкерлер же алардын өкүлдөрү үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-18)
