# 14-берене. Айрым категориялардагы кызматкерлерди медициналык кароо

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 14-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-14

---

1. Оор жумуштарда, бийик тоолуу шарттардагы жумуштарда жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштарда (анын ичинде жер астындагы), транспорт кыймылы менен байланышкан жана вахталык метод менен аткарылуучу жумуштарда алектенген кызматкерлер жумушка орношууда алардын тапшырылган ишке жарактуулугун аныктоо жана кесиптик ооруга чалдыгуунун алдын алуу үчүн милдеттүү түрдө алдын ала кезексиз жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон (текшерүүдөн) өтүшөт.

2. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, коомдук тамактануу жана соода уюмдарынын, суу түтүк курулмаларынын, дарылоо-алдын алуу жана балдар мекемелеринин, ошондой эле айрым башка уюмдардын кызматкерлери калктын саламаттыгын сактоо максатында кезексиз, ошондой эле мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өтөт.

3. Милдеттүү мезгил-мезгили менен медициналык кароо жана кезексиз медициналык кароо (текшерүү) эмгек акынын орточо өлчөмүн сактоо менен жумуш убагында жүргүзүлөт.

4. Зыяндуу өндүрүштүк факторлордун жана аткарууда медициналык кароону талап кылган жумуштардын, кызмат орундарынын жана кесиптердин түрлөрүнүн тизмектери, аларды өткөрүү эрежелери эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана кесиптик бирликтер органдары менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-15)
