# 12-берене. Оор жумуштарды жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары бар жумуштарды аткарууну чектөө

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 12-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-12

---

1. Оор жумуштарда жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары бар жумуштарда кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын, 18 жашка чейинки курактагы адамдардын, ошондой эле көрсөтүлгөн жумуштар ден соолугунун абалына каршы келген адамдардын эмгегин колдонууга тыюу салынат.

2. Аларды аткарууда кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын, 18 жашка чейинки курактагы адамдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган оор жумуштардын жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары менен жумуштардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-13)
