# 11-берене. Кызматкерлерди санитардык-тиричилик жана медициналык жактан тейлөө

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 11-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-11

---

1. Уюмдун ишинин түрүнө жараша жана кызматкерлердин муктаждыктарын эске алуу менен иш берүүчү кызматкерлерди ичүүчү суу менен камсыз кылууга жана алардын тамактануусун уюштурууга, уюмда санитардык-тиричилик жайларын: кийим илүүчү жайларды, дааратканаларды, чайынма жайларды, тамактануу, эс алуу үчүн жайларды, аялдардын өздүк гигиенасы үчүн бөлмөлөрдү, ошондой эле бардык кызматкерлердин өздүк гигиенасын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка санитардык-тиричилик жайларын, күтүлбөгөн кырсык болуп же ооруп калган учурларда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн пункттарды жабдууга милдеттүү. Ысык таптуу цехтердин жана участоктордун кызматкерлери туздалган газдуу суу менен камсыз кылынууга тийиш.

Иштин түрүн аныктоо тартиби жана критерийлери эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

2. Иш берүүчү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте алгачкы медициналык жардам көрсөтүү (саламаттык сактоо пункту, медициналык санитардык бөлүм) үчүн шарттарды уюштурууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-12)
