# 10-берене. Кызматкерлерди эмгекти коргоо боюнча окутуу жана үйрөтүү

- Документ: [Эмгекти коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 5-июну № 82 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046998/edition/54085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046998/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгекти коргоо жөнүндө, 10-берене (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-10

---

1. Уюмдардын бардык кызматкерлери, анын ичинде иш берүүчү да Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте эмгекти коргоо боюнча окуудан, билимдерин текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү.

2. Ишке кайрадан орношуп жаткан, ошондой эле башка ишке которулуп жаткан кызматкерлер үчүн иш берүүчү эмгекти коргоо боюнча үйрөтүүгө, жумуштарды аткаруунун коопсуз ыкмаларына окутууну жана күтүлбөгөн кырсыктардан жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүүнү уюштурууга милдеттүү.

3. Жогорку коркунучтагы өндүрүштөргө же кесиптик тандоо талап кылынган ишке орношуп жаткан кызматкерлер үчүн сынактарды тапшыртуу жана андан кийин мезгил-мезгили менен кайра аттестациялоо менен эмгекти коргоо боюнча алдын ала окутуу жүргүзүлөт.

4. Белгиленген тартипте эмгекти коргоо боюнча окуудан, үйрөтүүдөн жана билимин текшерүүдөн өтпөгөн адамдарды ишке киргизүүгө тыюу салынат.

5. Иш берүүчүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар болгондо, эмгекти коргоо боюнча окутуу, үйрөтүү жана билимди текшерүү электрондук форматта жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046998/st-11)
