# II чакырылышынын кезектеги 14-сессия токтому

- Толук аталышы: II чакырылышынын кезектеги 14-сессия токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046978>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55622/edition/54063/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046978.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: II чакырылышынын кезектеги 14-сессия токтому (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046978

---

КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛУКТУУ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

II чакырылышынын кезектеги 14-сессия

26.05.2026 №40

Пилоттук негизде Ак-Суу районунун айыл аймактарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишкананы түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасыны Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ№158 “Пилоттук режимде айыл аймактарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү боюнча иштин натыйжалуугунун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн сунушун жана жергиликтүү кеңештин айылдык аймактын чегинде (жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылдык көрктөндүрүү жана транспорт) маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Пилоттук негизде Ак-Суу районунун айыл аймактарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишкананы түзүүгө макулдук берилсин.

2. Пилоттук негизде адистештирилген муниципалдык ишкана айыл өкмөтүнүн алдындагы

“Ак-Суу коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын базасында түзүлсүн.

3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы айылдык аймактын чегинде (жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылдык көрктөндүрүү жана транспорт) маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.А.Арымбаевге жүктөлсүн.

Төрага Б.С.Акунов
