# Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый аймак-тануу музей жайгашкан имаратты айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый аймак-тануу музей жайгашкан имаратты айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046974>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55620/edition/54059/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый аймак-тануу музей жайгашкан имаратты айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берүү жөнүндө токтому (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046974

---

КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛУКТУУ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

IIчакырылышынын кезектеги 14-сессия

26.05.2026 №38

Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый аймак-тануу музей жайгашкан имаратты айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июлундагы №193 “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесинин 2 жана 7-пунктарынын негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун жана жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экологиялык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн Кыдыр Аке №49 көчөсүндө жайгашкан мамлекеттик тарыхый-аймак тануу музейинин имаратын айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ак-Суу райондук маданият бөлүмүнүн балансына өткөзүп берилсин.

2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн, көзөмөлдө жагы муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экологиялык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.С.Кыдыровго жүктөлсүн.

Төрага Б.С.Акунов
