# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 336 "Каракол шаарында "Relax-Inn" эл аралык деңгээлдеги инновациялык мейманкана комплексин "долбоордук кум коргон" режиминде куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 336 "Каракол шаарында "Relax-Inn" эл аралык деңгээлдеги инновациялык мейманкана комплексин "долбоордук кум коргон" режиминде куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 336
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046972>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55619/edition/54056/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046972.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 336 "Каракол шаарында "Relax-Inn" эл аралык деңгээлдеги инновациялык мейманкана комплексин "долбоордук кум коргон" режиминде куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" токтому (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046972

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 13-майы № 336

Каракол шаарында "Relax-Inn" эл аралык деңгээлдеги инновациялык мейманкана комплексин "долбоордук кум коргон" режиминде куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө

"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Каракол шаарында "Relax-Inn" эл аралык деңгээлдеги инновациялык мейманкана комплексин "долбоордук кум коргон" режиминде куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жактырылсын.

2. Каракол шаарында "Relax-Inn" эл аралык деңгээлдеги инновациялык мейманкана комплексин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик өнөктөш катары "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасы аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мамлекеттик өнөктөш менен биргеликте "Кедра" жоопкерчилиги чектелген коому менен "долбоордук кум коргон" режиминде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга белгиленген тартипте кол койсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
