Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 9-июну № 421-т
Мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Балыкчы шаарынын социалдык жана турак жай инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Балыкчы шаардык кеңешинин 2026-жылдын 19-майындагы № 113, 2026-жылдын 20-майындагы № 114 токтомдорун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6, 7-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик төмөнкү объекттерди Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
1) Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, «Ак-Жал» тилкеси дарегинде жайгашкан, № 1322 контурдагы аянты 6,40 га (идентификациялык коду: 2-07-07-0011-0127) болгон «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясындагы жер тилкесин;
2) Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, «Бурулуш» тилкеси дарегинде жайгашкан, № 252, 253 контурлардагы аянты 4,83 га (идентификациялык код: 2-07-07-0010-1303) болгон «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясындагы жер тилкесин.
2. Балыкчы шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аларды мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
2) инвестицияларды тартуу аркылуу инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн аталган жер тилкелерин ижарага берүү маселелерин кароо;
3) жергиликтүү кеңештин макулдугу менен аталган жер тилкелерине күрөөгө коюуга макулдук берүү маселелерин кароо;
4) ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерине менчик укугун мамлекеттик кайра каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлунун № 405 "Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.07.2024 · № 405
- Мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө токтомуПостановление · 19.05.2026 · № 113