# 7-берене. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк делегациялардын катышуусундагы протоколдук иш-чаралар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5767/edition/53967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046894/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 7-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-7

---

1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк делегациялардын катышуусундагы протоколдук иш-чараларга жогорку/бийик деңгээлдеги расмий жолугушуулар жана меймандарды узатуу, тарыхый-маданий мемориалдарга жана эстеликтерге гулчамбарларды коюу, расмий сүйлөшүүлөр, биргелешкен эл аралык келишимдерге кол коюу, басма сөз конференциялары, расмий кабыл алуулар жана маданий иш-чаралар кирет.

2. Эл аралык практикага ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты менен биргеликте протоколдук иш-чараларды иштеп чыгат.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү бөлүмү эл аралык келишимдерди макулдашууну, даярдоону, аутенттүүлүгүн белгилөөнү жана кол коюуну уюштурат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-8)
