# 6-берене. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк делегациялардын сапарлары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5767/edition/53967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046894/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 6-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-6

---

1. Кыргыз Республикасына жогорку/бийик деңгээлдердеги сапардын мөөнөттөрү, мүнөзү жана форматы дипломатиялык каналдар боюнча чет өлкөлүк тарап менен алдын ала макулдашылууга тийиш.

2. Бийик даражалуу мейман дем алыш жана майрам күндөрү, ошондой эле жумуш убактысынан тышкары келген учурда протоколдук иш-чаралардын деңгээли төмөндөйт.

3. Чет өлкөлүк делегацияга протоколдук аземдер жана урмат-сый сапардын форматына, делегацияны жетектеген адамдын (мамлекеттин, парламенттин, өкмөттүн, тышкы саясат ведомствосунун башчысынын же башка бийик даражалуу адамдын) статусуна, эки тараптуу мамилелердин деңгээлине ылайык, ошондой эле өз ара мамиле принцибин эске алуу менен көрсөтүлөт.

4. Кыргыз Республикасына мамлекеттердин, парламенттердин, өкмөттөрдүн башчыларынын жана аларга теңештирилген адамдардын сапарларын пландоо, даярдоо жана жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын компетенциясында, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сапарларын пландоо, даярдоо жана жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин карамагында болот.

5. Сапарлар мүнөзү боюнча мамлекеттик, расмий, жумушчу, жеке жана жол ара сапарлар болуп бөлүнөт. Кыргыз Республикасына сапар бийик даражалуу меймандын (делегациянын) Кыргыз Республикасына келген учурунан тартып башталат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-7)
