# 5-берене. Координациялоону жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5767/edition/53967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046894/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 5-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тышкы саясий курсту ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын биримдигин камсыз кылуу максатында эл аралык иш маселелеринде бийлик бутактарынын аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдарын координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык корпустун катышуусу менен республикалык ички иш-чараны уюштурууда бул маселени Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен милдеттүү түрдө макулдашууга тийиш.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-6)
