# 4-берене. Мамлекеттик протоколду жүзөгө ашыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5767/edition/53967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046894/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 4-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-4

---

1. Мамлекеттик протоколду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын протоколдук кызматтары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жүзөгө ашырат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү протоколдук практиканы жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет мамлекеттерге сапарларын, ошондой эле чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына жогорку/бийик деңгээлдердеги сапарларын даярдоо жана өткөрүү боюнча протоколдук-уюштуруучулук мүнөздөгү маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин координациялоочу ролунда Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары тарабынан камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-5)
