# 3-берене. Мамлекеттик протоколдун максаттары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5767/edition/53967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046894/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 3-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-3

---

Мамлекеттик протоколдун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү протоколдук практикасын жүргүзүү максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин чет мамлекеттерге сапарларын, ошондой эле жогорку/бийик деңгээлдердеги чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына сапарларын протоколдук камсыз кылуу;

3) сүйлөшүүлөрдү, көп тараптуу форматтагы иш-чараларды, эл аралык келишимдерге кол коюу аземдерин даярдоо жана уюштуруу;

4) чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын Кыргыз Республикасынын Президентине тапшыруусун уюштуруу;

5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-4)
