# 21-берене. Корутунду жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5767/edition/53967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046894/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 21-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-21

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2113-ст.);

2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 23-январындагы № 7 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 1, 7-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-мартындагы № 22 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 174-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-мартындагы № 27 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 179-ст.);

5) "Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 3, 178-ст.).

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2026-жылдын 22-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиркеме

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ

Эл аралык тажрыйбага жана Кыргызстандын элинин калыптанган салттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун негизги жоболору мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, парламенттердин башчыларынын, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын жана аларга теңештирилген чет мамлекеттердин адамдарынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын башчыларынын Кыргыз Республикасына болгон сапарларында, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин чет өлкөлөргө болгон сапарларында негизги иш-чараларды, ошондой эле дипломатиялык корпустун катышуусу менен өлкө ичиндеги иш-чараларды өткөрүүнү жөнгө салган протоколдун элементтерин өзүнө камтыйт. Мында кабыл алынган протоколдук-уюштуруучулук ченемдерди жүзөгө ашырууда бирдиктүү мамиле жасоо принциби өзүнүн мааниси боюнча өз ара мамиле принцибинен жогору турат (б.а. мейман өзүнүн өлкөсүндө башка эрежелер колдонулгандыгынын негизинде Кыргыз Республикасында кабыл алынган протоколдун эрежелерин өзгөртүүнү талап кыла албайт).

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-20)
