# 18-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5767/edition/53967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046894/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 18-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-18

---

1. Протоколдук иш-чараларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөттөрү пайдаланылат жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни аткарылат.

Кыргыз Республикасындагы эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты да пайдаланылышы мүмкүн.

2. Ушул Мыйзамда каралган учурларда эстелик гүлчамбарлары жана себет гүл үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана/же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан текст жазылган тасмалар, эстелик сувенирлери үчүн визиттик карточкалар пайдаланылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-19)
