# 16-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет мамлекеттердеги иш-чараларга катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5767/edition/53967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046894/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 16-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-16

---

1. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы чет мамлекеттердин майрамдык иш-чараларына, чет мамлекеттердин башчыларынын инаугурациясына, чет мамлекеттеги же эл аралык уюмдагы эл аралык конференцияларга жана симпозиумдарга тиешелүү чакыруунун негизинде катышуу жөнүндө чечимди кабыл алышат.

2. Чет мамлекеттин башчысынын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына, чет мамлекеттердеги эскерүү иш-чараларына Кыргыз Республикасынын катышуусунун тартиби жана деңгээли Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү чечими боюнча аныкталат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-17)
