# 15-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарлары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5767/edition/53967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046894/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 15-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-15

---

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарларынын мөөнөттөрү дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлүк сапарын даярдоо жана өткөрүү үчүн сапар жасалуучу өлкөгө алдыңкы топ жиберилет. Кыргыз Республикасынын тиешелүү чет өлкөдөгү мекемеси алдыңкы топтун ишине зарыл болгон көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет өлкөлөргө сапарларынын бир учурда болуусуна жол берилбейт.

3. Пландалган көп тараптуу иш-чара учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кыска мезгилдин ичинде бир эле чет өлкөгө сапарларына жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-16)
