# 14-берене. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчилери тарабынан тапшыруу үчүн ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5767/edition/53967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046894/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 14-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-14

---

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчисин, эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүн дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын даярдайт.

2. Ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталары мамлекеттик тилде, гербдүү кагазда даярдалат. Келген мамлекеттин протоколдук өзгөчөлүгүн эске алуу менен ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталары расмий же болбосо чет тилдеги тексттерди кошумча камтуусу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-15)
