# 13-берене. Чет мамлекеттердин элчилеринин Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын тапшыруусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июнундагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5767/edition/53967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046894/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 13-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-13

---

1. Чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталары Кыргыз Республикасынын Президентине тапшырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү (протоколдук) кызматы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте ишеним грамоталарын тапшыруу аземин даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат. Ишеним грамоталарын тапшыруу датасы дипломатиялык каналдар боюнча бир айдан кеч эмес макулдашылат. Ишеним грамоталарын тапшыруу күнү кыргыз тарап чет мамлекеттин элчисине резиденциядан тапшырылуучу жерге чейин жана кайра кайтуу үчүн транспорт берет.

3. Чет мамлекеттин элчиси Кыргыз Республикасынын Президентине ишеним грамотасын тапшырган учурдан тартып аккредитацияланды жана Кыргыз Республикасында өз милдеттерине киришти деп эсептелет.

Ишеним грамотасы тапшырылганга чейин элчи дайындалган элчи деп эсептелет жана, эреже катары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталган тартипте саясий кызмат адамдары менен расмий жолугушуулар менен чектелет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894/st-14)
