# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-майы № 375 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-майы № 375 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 375
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046889>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55558/edition/53949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046889.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-майы № 375 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046889

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 28-майы № 375

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумун өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 557 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы жөнүндө жободо:

– 21-пунктта:

3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3) Кызматтын ички иш тартибин жана Кызматтын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;»; 7-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «7) белгиленген тартипте Кызматтын ведомстволук сыйлыктарын уюштурат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун түрлөрүн колдонот;»; төмөнкүдөй мазмундагы 121-пунктча менен толукталсын: «121) параюристтерди Кыргыз Республикасынын параюристтеринин реестрине киргизүү жана чыгаруу жөнүндө буйруктарды чыгарат;»; 13-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «13) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди токтото туруу, бузуу, адвокатка эскертүү берүү, адвокатты квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн убактылуу четтетүү жөнүндө буйруктарды чыгарат;».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 29-майындагы № 39 (3799) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
