# 5-берене

- Документ: [Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июну № 79 "Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5766/edition/53946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046882/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-5

---

"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 3-бөлүгү "сот аткаруучулардын" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучулардын" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 2-беренеде:

а) 2-бөлүктүн 5-пункту "сот аткаруучунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Аткаруу өндүрүшү кагаз жана/же электрондук формада жүргүзүлөт. Аткаруу өндүрүшүнүн электрондук формасы автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды, ошондой эле корголгон байланыш каналдарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.";

3) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Эгерде ушул Мыйзамдан башкасы түздөн-түз келип чыкпаса, ушул Мыйзамдын максаттары үчүн мыйзам тарабынан сот аткаруучуларга жүктөлгөн ыйгарым укуктар, укуктар жана милдеттер жеке сот аткаруучуларга да жайылтылат.";

4) 4-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын борбордук аппаратынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) кызматкерлери сот аткаруучулар болуп саналат жана өз ишин ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырышат.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:

"10. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын, ошондой эле 5 жана 6-бөлүктөрүнүн колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";

5) 5-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жобосу жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан бекитилет.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Ушул берененин колдлонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";

6) 6-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. 21 жашка толгон жана мамлекеттик аккредитациясы бар билим берүү программалары боюнча "Юриспруденция" адистигинен жогорку юридикалык билимге ээ же "бакалавр" жана "магистр" квалификациясында "Юриспруденция" даярдоо багыты боюнча жогорку билим алган, ден соолугунун абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жарактуу Кыргыз Республикасынын жараны сот аткаруучу боло алат.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Төмөнкүдөй адам сот аткаруучу боло албайт:

1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун айыптоо өкүмү менен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызматкери катары иш жүргүзүүгө же белгилүү бир кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;

2) ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;

3) соттуулугу жоюлганына же алынганына карабастан, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;

4) ага карата ушул бөлүктүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбоочу негиздер боюнча токтотулган;

5) башка мамлекеттин жарандыгы бар.";

в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";

7) 7 жана 8-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-берене. Сот аткаруучуларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби

1. Башкы сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

2. Башкы сот аткаруучунун Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу орун басарлары болот.

3. Улук сот аткаруучулар жана сот аткаруучулар мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга жана эмгек жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Башкы сот аткаруучу тарабынан кызмат ордуна дайындалышат жана кызмат ордунан бошотулушат.

4. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-4)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-8)
