# 46-2-берене. Милдеттенмелер реестрине аткаруу документтер боюнча маалыматтарды киргизүү тартиби, сактоо жана алып салуу мөөнөттөрү

- Документ: [Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июну № 79 "Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-46-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5766/edition/53946/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 46-2-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-46-2

---

1. Аткаруу документтери боюнча маалыматтар автоматташтырылган тутум аркылуу Милдеттенмелер реестрине киргизилет жана он жыл бою сакталат.

2. Аткаруу документи боюнча маалыматтарды Милдеттенмелер реестрине киргизүү мыйзамда белгиленген негиздер пайда болгондо карызкорду банкрот деп таануу жол-жобосун баштоого тоскоолдук кылбайт.

3. Аткаруу документтер боюнча маалыматтар Милдеттенмелер реестринен төмөнкүдөй учурларда алып салынат:

1) аткаруу документи иш жүзүндө аткарылганда;

2) өндүрүп алуучунун арызы боюнча;

3) аткаруу документин соттун же документ берген башка органдын талабы боюнча аткарылбастан кайтарып берүүдө;

4) соттун карызкорду - юридикалык жакты банкрот деп таануу жөнүндө чечими болсо;

5) карызкор - юридикалык жак юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарылса;

6) карызкордун мүлкү же акча каражаттары жөнүндө маалыматтар он жыл ичинде аныкталбаса.";

34) 47-беренеде:

а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы "чараларын көрүү жери боюнча" деген сөздөрдөн кийин "тиешелүү сот аткаруучулар бөлүмүнө же жеке сот аткаруучуга" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-бөлүктүн экимчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Башкы сот аткаруучу көрсөтүлгөн документтерди сот аткаруучулардын тиешелүү бөлүмүнө алар алынган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө, а эгерде аткаруу документтери токтоосуз аткарылууга тийиш болсо алар алынган күнү жиберет.";

35) 48-беренеде:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Өндүрүп алуучу аткаруу документин берүү менен кайрылган учурдан тартып кийинки күндөн кечиктирбестен жеке сот аткаруучу аткаруу документин кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маселени кароого же мажбурлап аткартуу боюнча кызмат көрсөтүүгө өндүрүп алуучу менен келишим түзүүгө милдеттүү. Аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлөт. Кызмат көрсөтүү жөнүндө типтүү келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";

36) 49-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1) аткаруу документи жеке сот аткаруучуларга уруксат берилбеген аткаруу документтеринин категориялары боюнча берилди;";

37) 50-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "карызкор алган" деген сөздөр "карызкорго талаптагыдай тапшырган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

38) 51-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын;

"5-1) менчигинин түрүнө карабастан, карызкордун - юридикалык жактын жетекчисинин Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөө киргизет;";

б) 2-бөлүк "5" деген цифрадан кийин ", 5-1 жана 7" деген сөздөр менен толукталсын;

в) 3-бөлүк "5" деген цифрадан кийин "жана 5-1" деген сөздөр менен толукталсын;

39) 56-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"56-берене. Банктарда жана башка финансы-кредиттик уюмдарда турган акча каражаттарына, салымдарга жана башка баалуулуктарга камак салуу

1. Сот аткаруучу ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында каралган аткаруу документтерине ылайык карызкордун банктарда, финансы-кредиттик уюмдарда, башка финансылык институттарда жана казыналыкта турган акча каражаттарына, депозиттерине, башка баалуулуктарына жана активдерине, ошондой эле баалуу кагаздарына аткаруу документинде көрсөтүлгөн өлчөмдө камак салат. Камакка алуунун өлчөмү өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруу үчүн жана аткаруу өндүрүшү менен байланышкан чыгымдарды, анын ичинде сот аткаруучунун сыйакысын өндүрүү үчүн зарыл болгон көлөмдө аныкталат.

2. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн сот актысынын же аткаруу документтеринин негизинде чыгарылган карызкордун акча каражаттарына, депозиттерине жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтом сот аткаруучу тарабынан банкка, финансы-кредиттик уюмга, башка финансылык уюмдарга жана казыналыкка жиберилет. Карызкордун акча каражаттарына, депозиттерине жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомго ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

Банк же финансы-кредиттик уюм карызкордун акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомду токтоосуз аткарат жана соттук аткаруучуга, жеке сот аткаруучуга карызкордун камакка алынган акча каражаттарынын, салымдарынын жана башка баалуулуктарынын өлчөмү жөнүндө билдирет.

3. Сот аткаруучу карызкордун банктар тарабынан ашыкча камакка алынган акча каражаттарын, салымдарын жана башка баалуулуктарын камактан чыгаруу боюнча токтоосуз чараларды көрөт.

4. Ушул берененин жоболору баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун атайын эсебинде турган карызкордун акча каражаттарына карата да колдонулат.";

40) 57-берененин 7-бөлүгү "сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмүнүн" деген сөздөрдөн кийин "же жеке сот аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;

41) 66-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Карызкордун - юридикалык жактын сейфтеринде, кассасында табылган, карызкордун - юридикалык жактын башка жайларында болгон, же банктарда, финансылык жана кредиттик уюмдарда сакталган улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы накталай акча каражаттары камакка алынат же алып коюлат.";

- экинчи абзац "бөлүмдөрүнүн" деген сөздөн кийин ", жеке сот аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Карызкордун эсептеринен акча каражаттарын которуу аткаруу документинин, сот аткаруучунун, жеке сот аткаруучунун сот тарабынан берилген аткаруу документинин негизинде чыгарылган токтомунун негизинде банк же башка финансы-кредиттик уюм тарабынан жүргүзүлөт жана банкка карызкордун төлөм тапшырмасын берүүнү талап кылбайт. Акча каражаттанып өндүрүп алуу жөнүндө токтомдо карызкордун аталышы, карызкордун банктык реквизиттери, жеке сот аткаруучунун, сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү аймактык органынын депозиттик эсебинин реквизиттери, өндүрүлүп алынуучу каражаттардын суммасы камтылууга тийиш.";

в) 4-бөлүк "сот аткаруучулардын" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучулардын" деген сөздөр менен толукталсын;

42) 84-беренеде:

а) 4-бөлүктүн 2-пунктунун биринчи абзацы "сот аткаруучулардын" деген сөздөрдөн кийим ", жеке сот аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 5-бөлүктүн биринчи абзацында "23:59да" деген сөздөр "23:59дан өткөндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 7-бөлүк "сот аткаруучулардын" деген сөздөрдөн кийин ", жеке сот аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;

г) 9-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган учурларда, жеке сот аткаруучунун депозиттик эсебине түшкөн шертпулдун суммасынын 1/3и жеке сот аткаруучунун тескөөсүндө калат, сумманын 2/3си жеке сот аткаруучу тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке которулат.";

43) 85-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи абзацында "шертпул мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелерге жиберилет" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 94-беренесинин 8-бөлүгү колдонулат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

44) 89-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 2-пунктта "Өкмөтү" жана "эки жүз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө жана "500" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) 4-пунктта "эки жүз" деген сөздөр "500" деген цифраларга алмаштырылсын;

45) 93-беренеде:

а) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Карызкор алименттик макулдашууну же алиментти төлөө боюнча сот актысын аткарбаганда же толук эмес көлөмдө аткарганда (жалпысынан үч айдын ичинде), сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзөт жана сотко жөнөтөт.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"7. Он эки айдан ашкан мөөнөттө пайда болгон карыз бар болсо, сот аткаруучу материалдарды ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө милдеттүү.";

46) 94-беренеде:

а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Эгерде ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген айыпты төлөө үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучуда карызкор тарабынан тиешелүү акчалай сумма төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат жок болсо, анда ал сот актысын чыгарган сотко жаза катары дайындалган айыпты эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуш киргизет. Эгерде адам айыпталуучу деп таанылган берененин санкциясы эркиндигинен ажыратууну карабаса, адам Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 370-беренесинин негизинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Сотко сунуш менен бирге аткаруу барагы да кайтарылат.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";

47) 95-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

"8. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";

48) 98-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Эгерде кызматкерди мурунку жумушуна калыбына келтирүү мүмкүн болбосо (кызмат орду кыскартылган, бөлүм жоюлган же башка учурларда), анда сот аткаруучу сотко соттун чечимин аткаруунун ыкмасын өзгөртүү боюнча сунуш жөнөтөт.";

49) 102-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";

50) 103-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

"8. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";

51) 104-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";

52) 105-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";

53) 117-берененин 2-бөлүгү "операцияларды жасоо жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", юридикалык жактын жетекчи-карызкору алмашканда" деген сөздөр менен толукталсын;

54) 121-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Токтом даттанылбаган учурлардан тышкары, сот аткаруучунун токтомуна, ошондой эле анын аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу жогору турган сот аткаруучуга же сотко берилет. Токтом даттанылбаган учурлардан тышкары, жеке сот аткаруучунун токтомуна, ошондой эле анын аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу башкы сот аткаруучуга же сотко берилет. Сотко берилген даттануу сот тарабынан процессуалдык мыйзамдарда белгиленген эрежелерге ылайык каралат. Эгерде даттануу бир эле учурда жогору турган сот аткаруучуга жана сотко берилген болсо, анда даттануу соттук тартипте каралууга тийиш.";

55) 129-беренеде:

а) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Көрсөтүлгөн документти ыктыярдуу аткаруу үчүн сот аткаруучу белгилеген мөөнөттө мүлктүк мүнөздөгү аткаруу документинин талаптары, ал эми ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш берилбеген аткаруу документтери боюнча талаптар аткарылбаган учурда, сот аткаруучу токтоосуз токтом чыгарат, ал боюнча карызкордон өндүрүлүүгө тийиш болгон суммадан же өндүрүлүүчү мүлктүн суммасынан 10 пайыз, бирок 5 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмүндө аткаруу жыйымы өндүрүлөт. Мүлктүк эмес мүнөздөгү аткаруу документинин талаптары аткарылбаган учурда карызкор - жеке жак үчүн аткаруу жыйымы 50 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, карызкор - юридикалык жак үчүн 100 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө белгиленет.";

б) 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10. Мажбурлап аткарууну камсыз кылуучу сот аткаруучу өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталуучу сыйакы алат:";

в) 11 жана 11-1-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

г) 12-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Карызкор аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтомун талашууга, ошондой эле анын өндүрүлүшүнүн мөөнөтүн кийинкиге калтырууну же бөлүп төлөөнү, анын өлчөмүн азайтуу же аткаруу жыйымын өндүрүп алуудан бошотуу жөнүндө соттон суранууга укуктуу.";

д) төмөнкүдөй мазмундагы 16-бөлүк менен толукталсын:

"16. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.";

56) 130-беренеде "Бузуулар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

57) Төмөнкүдөй мазмундагы VI бөлүм менен толукталсын:

"VI БӨЛҮМ ЖЕКЕ COT АТКАРУУЧУЛАРДЫН ИШИНИН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-8)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-131)
