# 4-берене

- Документ: [Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июну № 79 "Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5766/edition/53946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046882/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-4

---

"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 58-беренеде:

а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Юридикалык жана жеке жактардын банк эсептеринде же сактоодо турган акча каражаттары жана башка баалуулуктары өндүрүп алууга тийиш болгон сумманын чегинде соттук актынын негизинде, ошондой эле "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн аткаруу документинин негизинде чыгарылган сот аткаруучусунун же жеке сот аткаруучусунун токтому менен камакка алынат.";

б) 2-бөлүктө "аткаруу документтеринин негизинде сот тарабынан," деген сөздөр "өндүрүп алууга тийиш болгон сумманын чегинде "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн аткаруу документтеринин негизинде сот аткаруучу, жеке сот аткаруучу тарабынан," деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-5)
