# 145-берене. Жеке сот аткаруучунун ишине төлөмдөрдүн суммасын карызкордон өндүрүү тартиби

- Документ: [Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июну № 79 "Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5766/edition/53946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046882/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 145-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-145

---

1. Жеке сот аткаруучу ал тарабынан жасалган аткаруу аракеттерине төлөөгө суммаларды, аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин төлөнүүгө тийиш болгон суммаларды, ошондой эле өндүрүп алуучу тарабынан төлөнгөн жана кайтарылууга тийиш болгон суммаларды бекитүү жөнүндө токтом чыгарат жана аны карызкорго жана өндүрүп алуучуга жөнөтөт. Аталган токтом он күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Аткаруу документин мажбурлап аткартууга бергенден кийин аны ыктыярдуу түрдө аткаруу карызкорду жеке сот аткаруучунун ишин аткаруу боюнча иш жүзүндө тартылган чыгымдарды жана төлөмдөрдү төлөөдөн бошотпойт.

3. Карызкордун аткаруу документин жеке сот аткаруучусуз аткаруусу аны аткаруу боюнча иш жүзүндө тартылган чыгымдарды жана жеке сот аткаруучунун ишине төлөмдөрдү төлөөдөн бошотпойт.

Эгерде карызкор токтомдо көрсөтүлгөн, жүргүзүлгөн эсепке ылайык суммаларды ыктыярдуу түрдө төлөбөсө, жеке сот аткаруучу карызды карызкордон сот тартибинде өндүрүп алат.

4. Карызкорлордон өндүрүлгөн суммаларды, ошондой эле кызыкдар адамдар үчүн багытталган башка суммаларды убактылуу сактоо үчүн жеке сот аткаруучу банктык эсеп ачат.

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-144)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-146)
