# 142-берене. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу

- Документ: [Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июну № 79 "Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5766/edition/53946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046882/st-142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 142-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-142

---

1. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу тартип комиссиясынын сунушунун негизиндеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүзөгө ашырылат.

2. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулушу жеке сот аткаруучу кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары тартылган учурда токтотулуп турат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу жөнүндө чечиминде күбөлүктүн колдонулуусун токтотуп туруунун себептери жана мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күбөлүктүн колдонулуусун токтотуп туруу жөнүндө чечимин жеке сот аткаруучу алган күндөн тартып күбөлүктүн колдонулуусу токтотулуп турат. Токтотуп турууга себеп болгон жагдайлар четтетилгенде, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күбөлүктүн колдонулуусун калыбына келтирүү жөнүндө чечим чыгарат.

4. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жеке сот аткаруучулардын бирдиктүү реестрине киргизилген учурдан тартып жеке сот аткаруучу катары ишти жүзөгө ашырууга жана аткаруу иш-аракеттерин жасоого тыюу салууга алып келет.

5. Жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуп туруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине жеке сот аткаруучу сот тартибинде даттана алат.

6. Жеке сот аткаруучунун ыйгарым укуктары ал мамлекеттик же муниципалдык кызматка дайындалган (шайланган) учурда анын арызы боюнча токтотулуп турат. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин бул адам жеке сот аткаруучунун ыйгарым укуктарын аткарууну кайра жаңыртышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-141)  
Кийинки берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-143)
