# 138-берене. Квалификациялык комиссия

- Документ: [Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июну № 79 "Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5766/edition/53946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046882/st-138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 138-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-138

---

1. Жеке сот аткаруучунун ишин жүзөгө ашырууга талапкер адамдардын кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда курамы 5 мүчөдөн турган квалификациялык комиссия түзүлөт.

2. Квалификациялык комиссиянын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

2) квалификациялык экзамен өткөрүү;

3) жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн берүү же болбосо берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу.

3. Квалификациялык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эки өкүлү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч өкүлү киргизилет.

Квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана анын курамын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.

4. Экзаменди өткөрүү жана жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн берүү тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-137)  
Кийинки берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-139)
