# 135-берене. Жеке сот аткаруучунун жоопкерчилиги

- Документ: [Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-июну № 79 "Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5766/edition/53946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046882/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 135-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-135

---

1. Жеке сот аткаруучунун өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аткарбоосу же болбосо талаптагыдай эмес аткаруусу, анын укук бузууларды жасашы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

2. Жеке сот аткаруучунун чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарга ылайык Башкы сот аткаруучуга же административдик процесстик мыйзамдарга ылайык сотко даттанылышы мүмкүн.

3. Жеке сот аткаруучу аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы сот тарабынан аныкталса, сот тартиптик мүнөздөгү чараларды көрүү жөнүндө жеке аныктама чыгарат жана аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.

Сот тарабынан жеке сот аткаруучунун аракеттеринде (аракетсиздигинде) кылмыш-жаза жосунунун белгилери аныкталган учурда, сот кылмыш-жаза мүнөзүндөгү чараларды көрүү жөнүндө жеке аныктаманы керектүү материалдар менен бирге ыйгарым укуктуу укук коргоо органына жиберет.

4. Жеке сот аткаруучу тарабынан келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик жана кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте толтурулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-134)  
Кийинки берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882/st-136)
