1-берене
Күчүндө · 03.06.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 443-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзац "Соттук аткаруучунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке соттук аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацта "50" жана "230" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "70" жана "250" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзац "соттук аткаруучунун" деген сөздөрдөн кийин ", жеке соттук аткаруучунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацта "150" жана "450" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "170" жана "470" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "55" деген цифралар "75" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 443-1-берене менен толукталсын:
"443-1-берене. Балдарды же эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багууга каражаттарды төлөбөө
1. Алиментти мезгилдүү төлөө милдети болгондо катары менен үч айдан ашык мезгилде же суммалык бир жыл ичинде пайда болгон карыздын суммасында каражатты соттун чечиминин негизинде баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга ата-эненин төлөөдөн баш тартуусу -
үч суткага камакка алууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, кайталанып жасалган ошол эле жосун -
жети суткага камакка алууга алып келет.
3. Эмгекке жарамдуу жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражаттарды жалпысынан үч ай бою соттун актысын же алименттик макулдашууну бузуп төлөбөөсү -
үч суткага камакка алууга алып келет. Эскертүү. Ушул беренеге ылайык адам жоопкерчиликке тартылгандан кийин 12 айдын ичинде кайталап жасалган укук бузуу кайталанган укук бузуу деп таанылат. Эгерде адам алименттик милдеттенмелер боюнча карызын толук төлөсө, ал жоопкерчиликтен бошотулат.";
3) 444-беренеде:
а) биринчи абзац "соттук аткаруучу" деген сөздөрдөн кийин ", жеке соттук аткаруучу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзацта "30" жана "130" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "50" жана "170" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) 445-берененин биринчи абзацы "сот аткаруучуга," деген сөздөрдөн кийин "жеке соттук аткаруучуга," деген сөздөр менен толукталсын;
5) 454-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) укук бузуулар жөнүндө протоколдор аткаруу документтерин аткаруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү ушул Кодекстин 443-1-беренеси боюнча.";
6) 486-берене "443" деген цифралардан кийин ", 443-1" деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230046882/st-1" title="1-берене - Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>