# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майы № 359 «Кыргыз Республикасынын дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына, жабдуулардын буюмдарына жана дөңгөлөк транспорт каражаттарында орнотулушу жана/же пайдаланылышы мүмкүн болгон бөлүктөрүнө глобалдык техникалык эрежелерди киргизүү жөнүндө макулдашууга кошулуусу жөнүндө»

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майы № 359 «Кыргыз Республикасынын дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына, жабдуулардын буюмдарына жана дөңгөлөк транспорт каражаттарында орнотулушу жана/же пайдаланылышы мүмкүн болгон бөлүктөрүнө глобалдык техникалык эрежелерди киргизүү жөнүндө макулдашууга кошулуусу жөнүндө»
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 359
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046866>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55546/edition/53916/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046866.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-майы № 359 «Кыргыз Республикасынын дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына, жабдуулардын буюмдарына жана дөңгөлөк транспорт каражаттарында орнотулушу жана/же пайдаланылышы мүмкүн болгон бөлүктөрүнө глобалдык техникалык эрежелерди киргизүү жөнүндө макулдашууга кошулуусу жөнүндө» (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046866

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 21-майы № 359

Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарында орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөр үчүн глобалдык техникалык эрежелерди киргизүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары үчүн глобалдык техникалык эрежелерди колдонуу үчүн шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16, 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 1998-жылдын 25-июнунда Женевада кабыл алынган Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарында орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөр үчүн глобалдык техникалык эрежелерди киргизүү жөнүндө макулдашууга кошулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
