# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 8-июнундагы № 200 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын5-июнундагы № 177 «Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 8-июнундагы № 200 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын5-июнундагы № 177 «Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 200
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046852>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11130/edition/53900/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046852.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 8-июнундагы № 200 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын5-июнундагы № 177 «Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы (08.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046852

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 8-июну № 200

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 177 «Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 177 «Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө жободо:

– 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 61, 62-пунктчалар менен толукталсын:

«61) жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, тескемелеринин жана айрым тапшырмаларынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;

62) Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча ири тармактык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;»;

– 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 61, 71-пунктчалар менен толукталсын:

«61) жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын алкагында Кыргыз Республикасынын министрликтерине, административдик ведомстволоруна жана башка мамлекеттик органдарына тапшырмаларды жөнөтүүгө;

71) жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдар тарабынан оперативдүү чара көрүү үчүн көйгөйлүү маселелерди түшүндүрүү жана изилдөө максатында региондордун тургундары менен жолугушууларды өткөрүүгө;».

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 42 (3802) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
