Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Курама айылдык кеңешинин “1”апрель 2026-жылдагы № 23 «Жер участогун эки өз алдынча бөлүккө бөлүү жана максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» токтому
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
“1”апрель 2026-жылдагы № 23
Жер участогун эки өз алдынча бөлүккө бөлүү жана максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 “Кыргыз Республикасынын жер кодекси” Мыйзамынын 14-беренесине ылайык жана Курама айыл өкмөтүнүн жер суроолор боюнча адиси К.Б.Бейшеналиевдин Панфилов айылы, переулок Каиндинский №29 дарегинде жашаган жаран Эсенаманов Замирбек Садыбакасовичтин арызы боюнча жер тилкесин эки өз алдынча бөлүккө бөлүү жана максаттуу багытын өзгөртүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, 2025-жылдын 18-июнундагы №486 шаар куруу корутундусунун негизинде Курама айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курама айыл аймагына караштуу Панфилов айылынын переулок Каиндинский №29 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 2 1000,00 м2 жер участогунун идентификациялык номери 7-07-06-1001-2513 болгон жер тилкесин эки өз алдынча бөлүккө бөлүүгө жана максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин:
-№1 участоктун аянты-6 650,00 м2, турак жай үчүн; -№2 участоктун аянты-14 350,00 м2, коммерциялык үчүн.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А.К.Джумагулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон