Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2026-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планын бекитүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 4-июну № 402-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 «2022–2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2022–2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык:
1. 2026-жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы (мындан ары – МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткарууга алсын жана өз убагында аткарылышын камсыз кылсын;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мэрлердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 182-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- 2026-жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 402-т тескемесине)План · 04.06.2026 · № 402-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 182-т (2025-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 18.03.2025 · № 182-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 "2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын…Постановление · 30.06.2022 · № 353
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 182-т (2025-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 18.03.2025 · № 182-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 353 токтому менен…Программа · 30.06.2022 · № 353
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июну № 382 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен…Постановление · 01.06.2026 · № 382