# Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026-жылдагы №16 "Жайыттарды ар жылдык пайдалануу боюнча “Курама Суу” муниципалдык ишкананын планын 2026-жылга карата бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026-жылдагы №16 "Жайыттарды ар жылдык пайдалануу боюнча “Курама Суу” муниципалдык ишкананын планын 2026-жылга карата бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046755>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55482/edition/53765/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046755.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026-жылдагы №16 "Жайыттарды ар жылдык пайдалануу боюнча “Курама Суу” муниципалдык ишкананын планын 2026-жылга карата бекитүү жөнүндө" токтому (27.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046755

---

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

“27” январдын 2026-жылдагы №16

Жайыттарды ар жылдык пайдалануу боюнча “Курама Суу” муниципалдык ишкананын планын 2026-жылга карата бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 “Кыргыз Республикасынын Жер кодекси” мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:

1. Жайыттарды ар жылдык пайдалануу боюнча “Курама Суу” муниципалдык ишкананын планын 2026-жылга карата бекитилсин.

2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.К.Джумагулов
