# Ынтымак айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25- мартындагы №16/3 Ынтымак аймагынын Жаны-Арык №70 И.Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чындоо жөнүндөгү долборду Кару-Суу райондук өнүктрүү Фондуна сунуштоо жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ынтымак айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25- мартындагы №16/3 Ынтымак аймагынын Жаны-Арык №70 И.Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чындоо жөнүндөгү долборду Кару-Суу райондук өнүктрүү Фондуна сунуштоо жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16/3
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046737>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55470/edition/53743/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ынтымак айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25- мартындагы №16/3 Ынтымак аймагынын Жаны-Арык №70 И.Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чындоо жөнүндөгү долборду Кару-Суу райондук өнүктрүү Фондуна сунуштоо жөнүндө токтому (18.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046737

---

Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясы

ТОКТОМ

2026-жылдын 25-марты № 16/3 Жаңы-Арык айылы

Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы №70 И. Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндөгү долбоорду Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 токтомуна ылайык, Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Г. Махкамбаеванын Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы №70 И. Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндөгү долбоорду Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы №70 И. Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндөгү долбоору Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджети тартыштыгына байланыштуу Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Карыбековго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө, регламент жана этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага А. Дунаев
