# Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январы №12 "Курама айыл аймагына караштуу ирригациялык каналдарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январы №12 "Курама айыл аймагына караштуу ирригациялык каналдарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046715>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55454/edition/53718/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046715.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январы №12 "Курама айыл аймагына караштуу ирригациялык каналдарды өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (27.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046715

---

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 27-январы №12

Курама айыл аймагына караштуу ирригациялык каналдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде жана 2025-жылдын 29-октябрындагы жана 24-ноябрындагы түзүлгөн текшерүү актыларына ылайык ирригациялык обьекттерди мамлекеттик башкарууга өткөрүп берүү масатында, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:

1. Курама айыл аймагында жайгашкан, 1960-жылы курулган жалпы узундугу 14800 метр, тейлөө аянты 514 гектар, өткөрүмдүүлүгү 0,7 м3/сек болгон “Каптал-3” каналы;

1960-жылы курулган узундугу 3500 метр тейлөө аянты 210 гектар, өткөрүмдүүлүгү 0,7 м3/сек болгон “Р-1” каналы; 1966-жылы курулган узундугу 3000 метр, тейлөө аянты 301 гектар, өткөрүмдүүлүгү 0,8 м3/сек болгон “Р-3” каналы "Панфилов райондук суу чарба башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин карамагына өткөрүлүп берилсин.

2. Өткөрүп берүү кабыл алуу-берүү актыларынын негизинде жүргүзүлсүн.

3. Курама айыл өкмөтү тиешелүү документтерди мыйзамга ылайык тариздөө тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы туруктуу жер комиссиясына, аткарылышы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.К.Джумагулов
