# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 472-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 472-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 472-VIII
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046712>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16929/edition/53712/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046712.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 472-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046712

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2026-жылдын 30-апрели № 472-VIII

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эргешов Бекмурза Аскарбаевич Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

2. «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытов Талант Турдумаматович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

3. «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сариев Улан Алмасбекович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

4. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

а) 1-пунктчада:

– сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

«Сариев Улан Алмасбекович – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;»;

б) 5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:

«Эргешов Бекмурза Аскарбаевич – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;»;

в) 6-пунктчада:

– төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

«Мамытов Талант Турдумаматович – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;»;

– жыйырма экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 438-VIII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

М.А. Маматалиев
