# Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы № 20 "Нарзан айыл аймагында Органикалык айыл чарба улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы № 20 "Нарзан айыл аймагында Органикалык айыл чарба улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046688>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55437/edition/53690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046688.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы № 20 "Нарзан айыл аймагында Органикалык айыл чарба улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому (18.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046688

---

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-майы № 20 Нарзан айыл аймагында Органикалык айыл чарба улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, экологиялык маданиятты калыптандыруу жана туура тамактанууну жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 40 «Органикалык айыл чарба улуттук күнү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Нарзан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Нарзан айыл аймагында Органикалык айыл чарба боюнча улуттук күндү өткөрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары — План) тиркемеге ылайык бекитилсин жана Органикалык айыл чарба боюнча улуттук күн жыл сайын сентябрь айынын акыркы жума күнү өткөрүлсүн.

2. Нарзан айыл өкмөтүнө Планда каралган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу жүктөлсүн.

3. Ушул токтом тиркемеси менен бирге Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

2026-жылдын 29-майында https://narzan.gov.kg/postanovlenia/1184-toktom-2026-zhyldyn-18-mayy-20-belovodsk-a.html расмий сайтында жарыяланды

4.Жооптуу катчы ушул токтомду каттоодон өткөрүп, анын тиркемеси менен кошо көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.

5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төраганын у.м.а.

Э.У. Умутбеков
